Connect with us

Социокод: Ажылыкты уюштурууну жеке компанияларга бериш керек

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Фев 2021 | 885 | 0

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эсепчиси пара менен кармалды. Бул ажылыкты өткөрүү маселесин кайра  козгоду. 

Ажылыкты өткөрүүдөгү коррупцияны жоюнун кандай чечими бар? Бул тууралуу социокод, «Коомдук пикир» изилдөө борборунун кызматкери Эсен Өмүракун уулу ойлору менен бөлүштү. 

Ислам дининде пайызга акча берүүгө катуу тыюу салынат

-Аалымдар кеңеши ажылыкка чогулган акча канча экенин жана кайсы банкта экенин ачыктоону талап кылган. Бирок муфтий менен башкы эсепчи аны эмдигиче бербей келген. Ошол акча жеке компанияларга зайым катары берилип, пайыз өндүрүлүп турганы айтылып жатат. Бирок Ислам дининде пайызга акча берүүгө катуу тыюу салынат.

Негизи ажылыктын акчасы болбосо Муфтиятта жоопкерчиликтен башка эч нерсе жок да. 2010-жылы Роза Отунбаева президент болуп турган кезде ажылыкты Дин комиссиясы өткөргөн. Ошондо Муфтияттын эң тынч жашаган жылы болгон. Ажылыктын акчасы келгенден баштап, буларда проблема башталган, ал акчаны өзүнүн жамаатына, жеке кызыкчылыгына колдонгон учурлар көп болгон.

Муфтияттагы коррупцияга шериктештер көп

-Ажылыкты өткөрүүгө байланышкан коррупциялык көрүнүштөр бир гана Муфтиятка тийиштүү эмес, ал башка мамлекеттик структуралар менен бирге болгон коррупция. Ошол эле УКМК, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында иштеген адамдар бар. Кээ бир топтор ажылык өткөрөрдүн алдында Муфтиятты тегеректеп, өз үлүшүн алып анан кетип калышат.

Ажылыкты уюштурууну жеке компанияларга бериш керек

-Ажылыкты уюштурууну Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия бир жолу өткөрүп, ал жакта да коррупциялашып кеткенден кийин кайра Муфтиятка берилген.

Менин оюмча, ажылыктагы коррупцияны жоюу үчүн аны өткөрүүнүн коммерциялык жагын жеке фирмаларга берсе болот. Умра зыяратын 10го жакын жеке фирма өткөрөт, ошолорго бөлүп берсе же тендер аркылуу өткөрүп берсе болот. Анткени мамлекет да, муфтият да уят болбогудай деңгээлге чыгарыш керек. Мамлекет өткөрүп ашмалтайы чыкты, Муфтиятта да жыл сайын талаш-тартыш.

Мамлекеттин дин боюнча саясаты өлкөдөгү жалпы диндер жөнүндө. Ошондуктан мыйзамга ажылыкты Муфтият өткөрөт деген берене кирип калган. Мыйзамдагы кемчиликтер да коррупциянын болушуна жол ачат.

Муфтият: 2020-жылдагы ажылык пандемияга байланыштуу токтотулду

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2020-жылы ажылык үчүн канча акча чогулганы жана канчасы кайтарылганы тууралуу маалымат берди.

2019-2020-жылдары ажыга барам деп 5526 адам 3350 доллардан төлөшкөн. 4060 адам 500 доллардан төлөштү – ажылык серверинде жалпысынан 9 586 зыяратчы катталган.

Анын ичинен 500 доллар 464 адамга, 3350 доллар — 2024 адамга кайтарылды.

Ошондой эле, зыяратчылардын формасы, аба каттамы, вакцина үчүн, ДУМКнын кызматкерлеринин эмгек акысына да акча төлөнүп берилген. Болжол менен жалпы 18,5 миллион доллар чогултулган, 7 миллион 327 доллары элге кайтарылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM