Марал Радиосу

Кыргызстандын экономикасы 2021-жылдын аяк ченинде калыбына келе баштайт

Кыргызстандын экономикасы 2021-жылдын аяк ченинде барып туруктуу калыбына келе баштайт. Мындай божомол Евразиялык өнүктүрүү банкынын макроэкономикалык изилдөөсүндө айтылды.

Анда айтылгандай, 2020-жылдын декабрында айрым бизнестин түрлөрүнө карата коюлган чектөөлөр алынган соң, абал бир аз турукташкан. Буга коронавируска чалдыгуу учурларынын азайганы да себеп болду.

«Бирок ошого карабастан, экономикалык абалга болгон коркунуч дагы деле жогору. Буга кыргызстандыктардын арасында коронавирус жайылуусунун өсүү темпи жана вакцинациялоонун кечигиши терс таасирин бериши мүмкүн», — деп айтылат Евразиялык өнүктүрүү банкынын маалыматында.

Мындан сырткары тоо-кен тармагындагы өндүрүш ишканаларынын калыбына келүүсү өтө жай болот. Ошондой эле керектөөнүн масштабы да салыштырмалуу азаят.

Exit mobile version