10-12-февраль аралыгында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунда, Суусамыр-Талас-Тараз автоунаа жолунда кар көчкү жүрүүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Мындан сырткары Казарман-Ак-Тал-Чат, Арал-Миң-Куш, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка жана Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолдорунун айрым бөлүктөрүндө кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.