Марал Радиосу

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору алмашты

Медер Карабаев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жарыяланды.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Карабаев Медер Жаныбекович Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору болуп дайындалды.

Буга чейин, президенттин жарлыгы менен аталган мекеменин директору Акин Токталиев кызматтан алынган болчу.