Марал Радиосу

«Манас» аэропортунун жетекчилигине Бакыт Шаршеев дайындалды

«Манас» эл аралык аэропортунун башкармалыгынын төрагалыгына Бакыт Шаршеев дайындалды. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.

Анда айтылгандай, бүгүн Шаршеев жамаатка тааныштырылган.

Ал кызматтан алынган Бактыбек Сыдыковдун ордуна келди. Сыдыков «Манас» аэропортунун жетекчиси болуп дайындалганы 2020-жылдын 21-октябрда кабарланган.

Сыдыков андан мурда 2005-2007-жылдары аталган аэропортто вице-президент, 2007-2010-жылдары президент болуп эмгектенген.