Марал Радиосу

Марипов өкмөттүн пландары тууралуу сөз кылды

Улукбек Марипов өкмөттүн аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, алдыдагы иштин негизги багыттары тууралуу сөз кылды. Премьер-министр өкмөттүн жаңы курамы кыска мөөнөттө ар бир сектордо, тармакта реформа жүргүзүү боюнча жоопкерчилик менен алгылыктуу иш жасоо керектигин белгиледи.

Өкмөт башчы президент Садыр Жапаров кол койгон беш жарлыкты ырааттуу аткаруу иши башталганын маалымдады.

«Президент биздин алдыбызга ишкерлердин жана инвесторлордун менчигин коргоо жана аларды колдоого алуу, тоо-кен тармагын реформалоо, жаңы кадр саясаты, миграциялык саясаттагы, инсанды рухий-нравалык жана дене тарбиялык жактан калыптандыруу жаатындагы реформалар боюнча конкреттүү милдеттерди койду. Аларды ишке ашыруу бийликтин бардык деңгээлиндеги мамлекеттик башкарууга карай жаңы мамилени талап кылат, мында ачык-айкындык жана калк менен түз пикир алышуу маанилүү болуп саналат», — деди Өкмөт башчы.

Мындан тышкары Алматы шаарына жасаган жумушчу сапарынын алкагында «Санариптик кайра жүктөө: жаңы реалдуулуктагы рынок» санариптик форумунан көргөн байкоолору менен бөлүштү.

«Биздин коңшуларда санариптик технологияларды өнүктүрүү жогорку деңгээлде. Расмий документтерди берүүдөн тарта коомдук транспортто акы төлөөгө дейре бардык мамлекеттик тейлөөлөр санариптештирилген. Биз алга умтулуубуз керек. Бардык мамлекеттик тейлөөлөрдү санариптештирүү боюнча иштер өзгөчө көзөмөлдө болушу зарыл», — деди Улукбек Марипов.

Мындан тышкары, премьер-министр коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө, жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү боюнча бардык зарыл чараларды кабыл алуунун, ошондой эле учурдагы ченемдик-укуктук актылардын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү боюнча иштин маанилүүлүгүн белгиледи.

«Ченемдик-укуктук актыларды кабыл алууда алардын кайталанышын четтетүү боюнча комплекстүү ишти жүргүзүү зарыл. Документтердин санына эмес, сапатына көңүл буруу керек», — деди ал.

Exit mobile version