Марал Радиосу

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кытайдагы жаңы жылды майрамдоого байланыштуу «Торугарт», «Эркечтам» унаа өткөрүү пункттары убактылуу жабылды. Бул тууралуу чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

«Торугарт» өткөрүү пункту 2021-жылы 11-февралда жабылып, 15-февралда кайра ачылат.

«Эркечтам» унаа өткөрүү пункту 12-февралдан 16-февралга чейин убактылуу жабылат.

Эске сала кетсек, «Торугарт», «Эркечтам» унаа өткөрүү пункттары Кытайдан Кыргызстанга товарларды алып өтүүгө гана уруксат берген өзгөчө алгоритм боюнча иштеп турат.