Марал Радиосу

Руслан Акылбеков Бишкектин вице-мэри болду

Бишкек шаарынын транспорт жана мүлк тармагын башкарган вице-мэри болуп Руслан Акылбеков дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Аны бүгүн, 9-февралда Түлөбаев эмгек жамааты менен тааныштырды.

Акылбеков буга чейин жеке юридикалык жана финансы компаниянын жетекчиси болгон. 2012-жылы Биринчи май районунун акиминин орун басары болуп иштеген.

Мурунку вице-мэр Азиз Алымкулов башка кызматка которулганына байланыштуу кызматтан бошотулган.