Бүгүн, 8-февралда Өкмөт үйүнүн алдында премьер-министр Улукбек Мариповдун Жогорку Кеңештин жыйынында Төрт-Гүл суу сактагычы боюнча айткан сөзүнө каршы пикет өттү. Анын катышуучулары өкмөт башчысынан айткан сөздөрү үчүн кечирим сурап, тактоо киргизүүсүн талап кылышты. Нааразылыкка чыккандардын бири, «Чек ара» коомдук бирикмесинин мүчөсү Гүлжигит Исаков Мариповдун 7-февралдагы өзүнүн сөзүнө карата берген түшүндүрмөсү жетишсиз экенин айтууда. Ал өкмөт башчынын айткан сөзү кошуна өлкө менен чырдашууга негиз болуп, мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирет деген ойдо.
«Улукбек Марипов премьер-министр кызматынын жопкерчилигин сезбей туруп, чоң трибунадан чындыкка дал келбеген маалыматты айтып салды. Аны дүйнө эли, кошуналар көрүп турат. Анын сөзүн негиз кылып, кошуналар чыр чыгарышы мүмкүн. Мариповдун бул сөздү жаңылып айтканына ишенбейбиз. «Артында мандем барбы?» — деген чочулоо болуп жатат. Мамлекеттин жерин бөлүп бере салгыдай, торт сыяктуу нерсе эмес».
3-февралда парламентте Улукбек Марипов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, «Суу сактагычка куйган каналдын баш жагын алдырыптырбыз», — деген. Анын бул сөзү коомчулукта нааразылык пайда кылып, жергиликтүү тургундар «головной» суу бөлүштүргүчү жайгашкан аймак толугу менен Кыргызстанга таандык экенин айтып чыгышкан. 5-февралда Баткенде облустук администрациянын алдында 300дөй адам нааразылыгын билдирип, Мариповдун айткандары чындыкка дал келбей турганын, бул тууралуу расмий билдирүү таратышын талап кылышкан. Ал эми бүгүн өкмөт башчы Марипов расмий видеокайрылуу таратып, Баткен районундагы Төрткүл суу сактагычына байланыштуу анын сөзү бурмаланып кеткенин билдирди.
«Эң оболу өкмөт башчылыкка талапкер катары, Кыргызстандын патриот жараны катары ушул маселени айтып коюу ниетим болгон. Муну ошол жерде жашаган, Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары абдан жакшы түшүнүп турат. Бул жерде сөз Ак-Сай айылындагы Кайырма каналы, суу кампадан 500-600 метр жогору турган, кошуна өлкөгө тиешелүү канал, андан сырткары Ак-Суу каналы жөнүндө сөз болгон. Бирок, тилекке каршы, кээ бир күчтөр муну туура эмес жакка бурганга аракет кылышы мүмкүн. Мен муну толук түшүнөм. Менин оюмча, ушул маселени биздин өлкөнүн кызыкчылыгына чечиле тургандай мыйзамдуу жол менен карашыбыз керек».
Жарандык активист, «Чек ара» коомдук бирикмесинин мүчөсү Бекназар Айталиевдин айтымында, Төрт-Гүлдүн өйдө жагындагы «головной» суу бөлүштүргүчү, анын жогорку жагындагы Кайырма, Ак-Суу каналдары Кыргызстанга карайт. Айталиев бул каналдар стратегиялык чоң мааниге ээ экенин, эгер ал кошуна өлкөгө берилип кетчү болсо, район элинин суудан көз карандылыгы пайда болорун айтат.
«Төрт-Гүлгө «головнойдон» суу бөлүнөт. Ага үстү жагындагы Кайырма каналынан суу келет. Ага көп маани берилбегени менен көп нерсе Кайырмадан көз каранды. «Кайырманын жанынан Тажикстан тарапка жаңы канал курулат» деген имиштер бар. Марипов: «Головнойдун» үстү жагы сөз болду», — деп жатат. Демек, ал Кайырманы айтып жатат. Эгер ал тажик тарапка өтүп, ал жакка чон канал куруп ала турган болсо, «головнойго» суу жибербей коет. Андан Баткендеги айылдарды суудан кууратып, аны саясий рычаг катары колдонуп калышы ыктымал».
Айталиев аталган каналдардын Кыргызстанга таандык экенин тактап, билип алуу маанилүү экенин билдирди.
1997-2010-жылдары Өкмөткө караштуу Чөлкөмдүк маселелер бөлүмүнүн жетектеген Саламат Аламанов өкмөт башчынын жерди алдырып койдук деп айтканы негизсиз экенин айтат.
«Өкмөт башчы антип айтардан мурун аны өзү тактап көрүшү керек. Аны сөзсүз түрдө текшерип, аныктап коюусу зарыл. Менин кызматтан кеткениме 10 жылдан ашты. Андан бери Төрт-Гүлгө байланыштуу маселе каралган жок. Менимче, ошол бойдон эле турат. Анан жерди алдырдык деп качан айтылат? Эки тарап макулдашып, документтерге кол коюлуп, ал ратификациядан өтүп, өлкө башчылары кол койгондо гана айтылат».
Анын айтымында, канткен күндө да жаңы кызматка киришип жаткан чек ара маселелерин тейлеген органдар бул аймактарды тактап коюусу зарыл.
Ага катар Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров бул маселе жакынкы күндөрдө парламенттин жалпы жыйынында карала тургандыгын билдирди.
Суусунун көлөмү 90 млн кубду түзгөн Төрт-Гүл суу сактагычы Баткен облусунун аймагына 1972-жылы курулган. Бүгүнкү күндө ал Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт. Аталган суу сактагыч Баткен облусу үчүн гана эмес, жалпы республика үчүн да стратегиялык мааниге ээ.