Биз менен байланышыңыз

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу убактылуу өчүрүлөт

Кыска кабар | 8 Фев 2021 | 616 | 0

Эртең, 9-февралда суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Бишкектин айрым жерлеринде таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эртең саат 09:00дөн 20:00гө чейин Панфилов, Горький, Лев Толстой, Чыңгыз Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде жана Керимбеков көчөсүнүн №5, 1б, 13/1, 13, Исанов көчөсүнүн 8, 5, 2г, 2а, 2б, 2в, Бөкөнбаев көчөсүнүн 152, 154, 162 дарегинде ичүүчү суу өчүрүлөт.

Белгилей кетсек, таза суу республикалык ооруканада жана курулуш техникумунда өчүрүлбөйт.

Copyright © 2017 Maral FM