Жалын жел тарап, кайдадыр алып учуп бараткан аргымак. Шибери белден буралган жайлоо. Ызгаар кыштагы жалгыз үй. «Манас» эпосундагы каармандар. Мындай ары түйшүктүү, ары татаал эмгекти сүрөтчүлүккө тиешеси жок кесипти аркалаган 23 жаштагы кыз жаратты десе, эч ким ишенбейт чыгар. Себеби кийиз бетине түшүрүлгөн кооз сүрөттөрдү карап отуруп, алгач дасыккан сүрөтчү же кол өнөрчү деп ойлойсуң. А бирок бул эмгектер жогоруда белгилеп өткөндөй, 23 жаштагы Гүлжамал Көкүмбай кызынын колунан жаралган.
Жүн, кийиз, ийне, карандаш. Өзгөчө эмгекти жаратуу үчүн ушул төрт гана буюм керектелет. Алгач ак кийиздин үстүнө калем менен сүрөттүн эскизин чийип алган соң, ошонун изи менен жүндү тизип, атайын ийненин жардамы менен сайма сайган сымал сүрөттү тартып баштайт. Бул иш өтө кылдаттыкты талап кылат.
Маектешибиз Гүлжамал Көкүмбай кызы кол өнөрчүлүктүн бул түрү менен толук кандуу алектенип баштаганына бир жылдан ашуун убакыт болду. Буга бала кезиндеги сүрөт тартууга болгон шыгы себеп болгон. Мурда ал кагаз бетине гана чиймелеп келсе, бир жылдан ашык убакыттан бери чыгармачылыгын кийизге түшүрө баштаган. Кол өнөрчүлүктүн бул түрү менен алгач жогорку окуу жайдын босогосун аттаганда таанышканын, ошондон кызыгуу жаралып, кийинчерээк өзү да ар кандай сүрөттү кийиз бетине түшүрүп баштаганын айтат каарманыбыз.
«Ар кандай сүрөттөрдү тартуу мен үчүн кызык болчу. Ал эми кийизге сүрөт тартууга кызыгуум күч болгондуктан, бат эле үйрөнүп кеттим. Жүн менен иштөө — боёк менен сүрөт тартканга караганда бир топ эле оор. Боёлгон жүндөр менен объектинин көлөмүн чыгарып, өңдөрдү айкалыштырасың. Мындайда көңүлүң көтөрүлүп, чарчаганың жазылат. Башында өзүм кызыккан үчүн пано жасачумун. Кийин социалдык тармактардагы баракчама жасаган иштеримди жүктөй баштадым. Ал жактан сурагандар көбөйдү. Чынын айтканда, басымдуу бөлүгү — чыгармачыл адамдар. Кыргызстандыктарга караганда, чет өлкөлүктөр көп таасирленишет. Мисалы, корей улутундагылар буюртма беришкен эле. Алар ачык түстөр менен тартылган сүрөттү жактырышат. Ошондой эле тааныштарым да «жасап берчи» деп калышат. Азыр «Манас» эпосундагы каармандардын сүрөттөрүн сурагандар көп болууда».
Мындай өнөрдүн ээси Гүлжамал кесиби боюнча — кыргыз тили жана адабияты мугалими, учурда ал Бишкек шаарындагы №6 мектеп-гимназияда сабак берет. Андан сырткары жергиликтүү гезиттердин биринде кабарчы болуп иштейт. Андан ашкан убактысын ушул багытка арнап, учурда баш-оту менен киришип, жаңы чыгармаларды жаратууда.
«Сүрөт тартуу — хоббимдин бири десем болот. Өзүмдүн кесибим менен Панфилов атындагы №6 мектеп-гимназияда кыргыз тили жана адабиятынан сабак берем. «Тил жана маданият» гезитинде журналистмин. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде аспирантурада окуйм. Ыр жазам, кээде кара сөз менен да алектенем. Булардан тышкары пианино, комуз үйрөнүп, анан албетте көптөн бери самап жүргөн актёрдук чеберчилик боюнча да сабак алуу максатым бар. Азыр өзүмдүн кесибимден сырткары, сүрөт тартуу, кийизге сүрөт түшүрүү жана кол өнөрчүлүк боюнча ар кандай ийримдерге катышып келем».
Кийиз үстүнө жүн менен түшүрүлгөн сүрөттөрүнүн алгачкысын бир жыл мурда кызыккандар сатып алышып, Кореяга алып кетишкен. Ал эми былтыр карантин маалында үйдө бош олтуруп калган Гүлжамал бул өнөрүн өркүндөтүп, жалпы 30дан ашуун сүрөт тарткан. Анын айтымында, бир кийизге сүрөт түшүрүүгө 2 сааттан бир күнгө чейинки убакыт сарпталат. Анын эмгектеринин эң эле көрүнүктүүсү — «Манас» эпосундагы каармандар. Жакында эле ал «Манас» эпосундагы Бакай ата менен Каныкей эненин элесин кийиз бетине түшүрүп бүтүп, эми Түркиядагы сүрөт фестивалына алып чыгууга даярданып жаткан чагы. Анын өнөрүн баалаган кардарларынын катары уламдан улам көбөйүүдө.
Учурда Гүлжамал Манас баатырдын жана анын кырк чоросунун элесин да кийиз бетине түшүрүүдө. Ошондой эле залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын элесин жаратсам деген изги тилеги бар. Ал үчүн образды кандай ачып берүү жолун изденүүдө. Мындан сырткары кийизге 3D форматындагы сүрөттөрдү да тартат. Кол өнөрчү келечекте кийизге сүрөт тартууну үйрөтө турган курс ачууну максат кылат.