Бүгүн, 8-февралга карата 23 миң 658 салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Анын ичинен 5 миң 541 юридикалык жак, 11 миң 720 жеке ишкер, 3519 жеке жак, 948 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 1930 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер.
Эске салсак, 1-мартка чейин юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар былтыркы жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.
1-мартка чейин Бирдиктүү салык декларациясын ата мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстандын аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.
1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.
Белгилей кетсек, 1-апрелге чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын берүүгө жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер ушул жылдын 1-апрелине чейин 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларация тапшыра алышат.