Марал Радиосу

XII кайрымдуулук фестивалы өттү

Бүгүн, 6-февралда «Кыргызстан тоо-лыжасынын жана кышкы эс алуунун өлкөсү» XII кайрымдуулук фестивалы өттү.

«Чуңкурчак» тоо-лыжа комплексинде өткөн иш-чара Туризм департаменти жана бир топ демөөрчүлөрдүн демилгеси менен уюштурулду.

Иш-чарага Туризм департаментинин директору Самат Шатманов, Өкмөткө караштуу бизнести
өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңешини эксперти Аскат Сейитбеков, “Элим, барсыңбы?!” кайрымдуулук фондунун директору Айдар Кубанычбеков, JIA Бизнес ассоциациясынын директору Фархат Пакыров, белгилүү аткаруучулар, эс алуучулар ж.б. катышты.

Фестивалда ар кандай оюндар менен демөөрчүлөр тарабынан түрдүү белектер ойнотулду. Иш-чара акысыз тамак-аш, ысык чай жана концерттик программа менен коштолду.

Кайрымдуулук фестивалынан түшкөн каражат “Элим, барсыңбы?!” коомдук кайрымдуулук фондунун жана “Колдон колго” коомдук уюмунун каттоосундагы муктаж адамдарга жумшалат.

🖍️Махбуба Сайпиллаева