Марал Радиосу

Германия Өкмөтү Беларусия оппозициясына жардам берет

Германия Өкмөтү Беларусия оппозициясын колдоо боюнча иш-аракеттердин планын кабыл алды. Бул тууралуу канцлер Ангела Меркель билдирди.

«Германия Өкмөтү Беларусиянын жарандык коомун колдоо боюнча иш-аракеттердин планын кабыл алды. Куугунтукка алынган оппозиционерлер жана жардамга муктаж адамдар жөнөкөйлөтүлгөн тартипте виза жана башпаанек ала алышат. Биз кыйноого кабылгандарга стипендиялык жардам берүүнү уюштурабыз. Ошондой эле көз карандысыз маалымат каражаттарын колдоого алабыз», — деди Меркель.

Меркель өз сөзүндө Беларусия бийлигин зордук-зомбулукту токтотуп, саясий туткундарды бошотууга чакырып, Германия менен Европа Биримдиги Беларусия жарандарынын укугун бузгандарды жазалоону улантарын маалымдады.

Учурда кабыл алынган пландын алкагында тиешелүү тараптар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.