Мамлекеттик салык кызматы Ош облусундагы айрым ири соода жайларына атайын салыктык көзөмөл жүргүздү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө салык кызматы алкоголдук продукцияны мыйзамсыз сактап жана сатып жаткан ири соода дүкөнүн аныкташты. Дүкөндүн сатууга лицензиясы жана сатылуучу товардын коштомо кагазы (шайкештик сертификаты, эсеп-фактуралар, товардык-транспорттук коштомо кагаздар) жок болгон.
Иштин жыйынтыгында ар кандай түр, аталыш жана идиштеги 1958 бөтөлкө алкоголдук өндүрүм мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынып, салык кызматы тарабынан тартылып алынды.
Ишкердик субъектке карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөрүн Мамлекеттик салык кызматы эскертет.