Марал Радиосу

Түркия Кыргызстанга беш миң ПЧР-тест берди

Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 5 миң ПЧР-тест берди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев Түркияга болгон иш сапарынын жүрүшүндө аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Халил Элдемирем менен жолугушту.

Эки тараптуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Бейшеналиев Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасы жөнүндө келишимди толук кандуу ишке ашыруу үчүн эртерээк ратификациялоо зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Анкарадагы «Оптима Техник» заводунда болуп, Кыргызстан үчүн жасалган беш мобилдик клиниканын сапаты менен таанышты.