Марал Радиосу

Жаштарга алгач мамлекетти жетектөө тажрыйбасын үйрөтүү керек»

Жаштарга кызмат берерден мурда аларга мамлекетти жетектеп кетүү тажрыйбасын үйрөтүү керек. Мындай пикирин «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын лидери Темирбек Асанбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Аны айтымында, муун алмашарын эске алуу кажет. Жаштардын көпчүлүгү мамлекеттик институттардын ортосундагы айкалышты түшүнө бербейт. Аны бизнес менен салыштырууга да болбойт, анткени ички-тышкы саясаттын да таасирлери болот. Андыктан ээнбаштыкты эгемендик менен алмаштырбай, жаштардын арасынан кадр тандоо маселесин кылдаттык менен өткөрүү зарыл.

«Ар бир жаран өзүн тарбиялап, укугун, талап коё билүүнү үйрөнүшү керек. Биз жарандык жоопкерчиликти сезмейинче, мамлекетти түптөөгө жол таба албайбыз. Ошондуктан ар бир жаран өзүнүн коомдогу ордун билиши керек. Парламенттик шайлоодогу тополоңдон кийин эл да балдарынын келечегин ойлоп, эки жакты карап турушат. Саясатчылар биргелешип чече турган ири көлөмдөгү экономикалык кубаттуулукту көтөрүп кетүү маселесин коомго жеткирсек, Кыргызстан туура багытты алат деген үмүтүм бар», — дейт Асанбеков.