«Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын лидери Темирбек Асанбеков «Маралга» берген маегинде өлкөдөгү саясий кырдаалды эске алып, «мамлекеттик институттар иштеп кетсин» деген максатта президенттикке ат салышпаганын билдирди.
«Экинчи маселе, көпчүлүктүн Садыр Жапаровду колдогонун көрүп, элдин чечимин туура кабыл алып, саясатчы катары мамлекеттин туруктуулугун камсыздоо максатында президенттиктен баш тарттым. Жапаров менен саясий келишимге барган жокмун, жеке саясий чечимим болду», — дейт Асанбеков.
Асанбеков өзүнүн Орусияга элчи болуп дайындалары боюнча тараган маалыматтарга да токтолду. Мигранттардын көйгөйлөрүн жакшы билгендиктен, чет жакта жүргөн мекендештер каалоо-тилегин жазып жатышканын айтып, ыраазычылыгын билдирди.
Эгерде бийлик бутактары кызмат сунуштаса, өлкөнү өнүктүрүү үчүн иштеп берүүгө даяр экенин кошумчалады.