Марал Радиосу

Быйыл Бишкекке 1,5 миллион гүл отургузулат

Бишкек шаарынын аймагына быйыл 1 миллион 400 миң гүл отургузулат. Мэриянын маалыматына караганда, «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын күнөсканаларында январь айында себилген бир жылдык гүлдүн уругу өнүп чыкты.

Бир жумадан кийин көчөттөр алынып, шаарга отургузула баштайт.

Апрель айынын ортосуна чейин Жеңиш аянты биринчилерден болуп гүлгө оролот. Биринчи этапта 400 миң гүл отургузулат.