Марал Радиосу

«Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу сынагы өтөт

Бишкек шаарында жана өлкөнүн башка аймактарында «Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу сынагы өтөт. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

Сынак 27-февралда имам Бухаринин «Мусулмандын адеби» жана Пайгамбарыбыздын (САВ) өмүр таржымалы тууралуу жазылган «Фыкх ас-Сира» аттуу китептердин негизинде өткөрүлөт.

Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи Бишкек шаарында өтөт.

Конкурс боюнча кеңири маалыматты бул жактан алса болот: 0700870296, 0707536773, 0770508418.