Марал Радиосу

Украина оппозициясы Зеленскийге импичмент жарыялоо демилгесин көтөрөт

October 10, 2019, Kiev, Ukraine: President of Ukraine Volodymyr Zelensky speaks to journalists during a press-marathon at a food market in Kiev. The Head of State answer questions from journalists throughout the day at a press-marathon. (Credit Image: Global Look Press via ZUMA Press)

Украина Жогорку Радасынын «Жашоо үчүн — Оппозициялык платформасы» фракциясы президент Владимир Зеленскийге импичмент жарыялоо демилгесин көтөрөт. Бул тууралуу аталган партиянын тең төрагасы Вадим Рабинович билдиргенин «Интерфакс» басылмасы жазды.

«Бүгүн Украинаны көз карандысыздык алгандан берки тарыхында бир убакта 3 канал өчүртүлдү. Биз шайлоочуларды, өлкөнү шылдыңдаган президент Зеленскийге импичмент жарыялоо демилгесин көтөрөбүз», — деди Рабинович Жогорку Раданын трибунасында сүйлөп жатып.

2-февралда Украина президенти Владимир Зеленский Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин чечимин күчүнө киргизип, оппозициялык партиянын лидерлеринин бири болгон Виктор Медведчукка тиешеси бар делген 3 каналдын («112», «Newsone» жана «ZIK») ишмердүүлүгүн токтоткон.