Марал Радиосу

Марипов: Бир айда 5600 сомго жашаса болот, бирок кыйын

Жогорку Кеңештин 3-февралдагы жыйынында өкмөттүн жаңы курамы талкууланып жатат. Анда талкуу учурунда депутат Дастан Бекешев өкмөт башчылыкка сунушталган Улукбек Мариповго: «Бир айда 5600 сомго жашай аласызбы?» — деген суроо узатты.

Улукбек Марипов 5600 сомго жашаса болорун, бирок чындыгында бул кыйын экенин айтты.

«Сурооңуздун түпкүрүн түшүнүп турам. Сиз жашоо минимумунун эң төмөнкү көрсөткүчүн айтып жатасыз», — деди Марипов.

Депутат Дастан Бекешев бир айда 5600 сомго жашоо кыйын болсо, өкмөт эмне себептен элди алдап жатканын сурады. Марипов бул айла жоктун иши экенин айтты.

Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жете турган азык-түлүк менен тейлөөнүн эң төмөнкү наркы.