Марал Радиосу

Мамытов: Парламент шайлоочулар алдындагы милдетин так аткарды

Жогорку Кеңеш шайлоочулардын алдында өз милдетин так аткарды. Бул туууралуу төрага Талант Мамытов парламенттин 3-февралдагы жалпы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын 5-6-октябрындагы окуяларда парламент жалгыз легитимдүү бийлик органы катары өлкөдөгү абалды турукташтырууга, мамлекетти мыйзам жолуна кайтарууга өз салымын кошо алды.

«Өлкөнүн тагдыры кыл көпүрөдө турганда ар кайсы партияларда болгонуңуздарга карабай, өлкөнү мыйзам жолуна түшүрүүгө, тез арада легитимдүү бийлик органын калыптандырууга жоопкерчилик алып, өз салымыңыздарды коштуңуздар. Келечек үчүн жасаган ишиңиздерге ыраазычылык билдирем. Жогорку Кеңеш шайлоочулардын алдында милдетибизди абийирдүүлүк менен аткара алдык. Учуру келгенде тарых өз баасын берет», — деди Талант Мамытов.

Былтыр октябрь айында болгон парламенттик шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөндүктөн, эл нааразылык акцияларына чыккан. Ал башаламандыкка айланып, эл Ак үйдү басып алган. Андан кийин гана шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Бул окуялардан кийин өлкө президенти болуп турган Сооронбай Жээнбеков мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырган. Талант Мамытов алгач Жогорку Кеңештин спикери, андан кийин президенттин милдетин аткарып баштаган.

Быйыл 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, Октябрь окуяларынан кийин эркиндикке чыккан саясатчы Садыр Жапаров президент болуп шайланды.