Марал Радиосу

«АЮ Гранд комфорттогу» калкты тейлөө борбору иштей баштады

Бишкектеги «АЮ Гранд комфорт» соода борборунда жайгашкан Калкты тейлөө борборунун иши калыбына келтирилди. «119» колл-борборунун иши да жандандырылды.

Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

2-февралда «АЮ Гранд комфорт» соода борборунда өрт чыгып, электр жарыгы өчкөн. Мүлк, архив жана сакталган документтер зыян тарткан эмес.