Марал Радиосу

Түркияда башмыйзам жаңыланышы мүмкүн

Түркия жаңы Конституция кабыл алынышы мүмкүн. Бул тууралуу президент Режеп Тайип Эрдоган айтканын «Анадолу» агенттиги жазды.

«Түркияда жаңы башмыйзамды кабыл алуу убактысы келип калды», — деди Эрдоган.

Эрдоган белгилегендей, кабыл алына турган Конституция жакшылап иштелип чыгып, даяр болгон соң, мазмуну элге сунушталышы керек.

«Эгерде калк менен бир келишимге келсек, жаңы Конституцияны кароо маселеси жакында кабыл кылынышы мүмкүн», — дейт Түркия президенти.