Марал Радиосу

«Тайлак баатыр» тасмасы тартылат

Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрынын артисттери жана жеке ишкерлердин демилгеси менен кыска метраждуу «Тайлак баатыр» тасмасы тартылып баштады. Бул тууралуу театрдын директору Жолдошбек Жанжигит уулу «Марал» радиосуна маалымат берди.

«Жалпы Кыргызстандын саясатында чоң фигура болгон Тайлак баатыр жөнүндө кыска метраждуу көркөм тасма тарталы деп ниет кылдык. 1-февралда Таш-Рабатта алгачкы съемкалык иштерди тартып келдик. Бул тасма жалпы Нарын театрынын артисттеринин арты менен ишке ашып жатат. Биз Тайлак баатыр атабыздын негизиги тарыхый тактыктарына көп токтолгон жокпуз. Башкы идеясы — элди биримдикке, ынтымакка чакыруу, ушуга көбүрөөк басым жасадык», — дейт театрдын директору.

Тасма тартуу идеясын Жолдошбек Жанжигит уулу көтөрүп, сценарийин тарых илимдеринин кандидаты, комузчу, күүчү Кайнарбек Бийлибаев экөө биргеликте жазган. Башкы демөөрчүсү ишкер Мирбек Раимов, ошондой эле Ак-Талаа районунун атуулдары, жергиликтүү эл жардам берип жатат. Медин Учукеев режиссерлук кылган кыска метраждуу тасманын узактыгы 10 мүнөттүк болуп, февраль айынын аягында элге тартууланат.

Тайлак Рыскул уулу XVIII кылымдын аягы XIX кылымдын аягында Нарындын Ак-Талаа өрөөнүн жердеп өткөн баатыр. Ал Нарын өрөөнүндөгү Кокон ордосунун Куртка чебин талкалап, элди Кокон хандыгынын эзүүсүнөн, Кытай империясынын баскынчылыгынан коргоп, тышкы душмандарга каршы күрөшүп келген. Ачык күрөшүп жеңе албасын түшүнгөн Кокон хандыгы табып кейпиндеги тыңчыны жиберип, ал ууга чыланган наштар менен кан алып, ошондон жараты кабылдап каза болгон. Тайлак баатырдын эрдиктери туурасында көптөгөн аңыз кептер айтылып жүрөт.

Exit mobile version