Марал Радиосу

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы дайындалды

Нуркамал Асканова Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Нургазы Анаркулов Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду.

Анаркулов 30-январда УКМК тарабынан ири суммадагы пара алууга шектелип кармалган. Ага карата сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин 326-беренеси («Пара талап кылуу») боюнча жүрүп жатат.

Нургазы Анаркулов Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчылыгына Октябрь окуяларынан кийин бийлик алмашканда дайындалган.