Марал Радиосу

Ак калпак күнүнө карата «Алатоолук — Үмүт» сынагы жарыяланды

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы, «Ак калпак» күнүнүн 10 жылдыгына карата 17 жаштан 35 жашка чейинки жаштар арасында «Алатоолук — Үмүт» сынагы жарыяланды. Бул тууралуу сынактын уюштуруучуларынын бири Ырыс Окенова «Маралга» маалымдады.

Сынак эгемендиктин баа-баркын билүү, мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо максатында жарыяланган.

«Кыргызстандын түндүк-түштүк деп бөлүнбөгөн, ынтымактуу эл экенин далилдөө максатында тартылган видеороликтердин сынагы башталуу алдында турат. Азыркы учурда катыша турган талапкерлер катталып жатат», — дейт Окенова.

Маалым болгондой, сынакка катышууну каалаган жаштар эгемендикти даңктаган, элди ынтымакка, биримдикке чакырган мазмундагы, патриоттук темадагы видеороликтерин 25-февралга чейин  тапшыруусу керек. Тасманын узактыгы бир жарым мүнөттөн ашпоого тийиш.

Сынакка бул багытта жөндөмү бар бардык жаштар катыша алат. Баш байге үчүн жана алдыңкы 3 орун үчүн атайын баалуу белектер каралган. Андан тышкары кошумча кызыктыруучу сыйлыктар да бар.

Тандоо эки турдан өтөт.  Биринчи турда кино тармагын мыкты билген кесипкөй адистер өз баасын берет. Экинчи турда жалпы элдик добуш берүүгө коюлат. Аталган жарыштын жыйынтыгы Ак калпак күнүнө карата чыгарылып, сыйлоо аземи 5-мартта борбордук «Ала-Тоо» аянтында өтөт.

Exit mobile version