Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Казакстанда коронавируска каршы калкты эмдөө башталат

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Фев 2021 | 449 | 0

Бүгүн, 1-февралдан тарта Казакстанда коронавирус инфекциясына каршы жалпы эмдөө башталат. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Казакстан калкты эмдөөдө Орусиянын «Sputnik-V» вакцинасын тандап алган. Буга чейин түзүлгөн келишимдердин негизинде, Караганда фармацевтикалык комплекси өлкөгө аталган вакцинанын биринчи партиясын жеткирди.

Жалпысынан, февраль айында Караганда фармацевтикалык комплекси 112 миң доза вакцина, мартта 150 миң, апрелден июнга чейин ай сайын 600 миң дозадан вакцина жөнөтөт. Ошондой эле апрель айынан баштап ай сайын 500 миң дозага чейин көбөйтүү менен 75 миң дозада «QazCovid-in» ата мекендик вакцинасы менен эмдөө пландаштырылууда.

Эмдөө жараяны баскыч-баскыч менен аткарылат. Биринчи кезекте медицина жана укук коргоо кызматкерлери эмдөөдөн өтөт. Жалпы жыл соңуна чейин 6 млн адамды эмдөө мерчемделген.

Профилактикалык эмдөө каршы көрсөтмөсү бар адамдардан башкасынын баарына уруксат берилет. Эмдөөнүн алдында милдеттүү медициналык текшерүү жүргүзүлөт.

Өлкөдө эмдөө пункттарынын даярдыгы текшерилип, профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн стандарттуу иштөө процедуралары бекитилип, 2 миңден ашуун медициналык кызматкер атайын окуудан өткөн.

Казакстандын бийлиги азырынча Батыш өлкөлөрүндө өндүрүлгөн «AstraZeneca», «Pfizer-BioNTech», «Moderna» вакциналарын сатып алуу планы жөнүндө маалымат бере элек. Бул вакциналар сыноонун бардык баскычтарынан өтүп, жогорку деңгээлдеги натыйжалуулугун көрсөткөн. Бүгүнкү күндө аларды Европа Биримдигине кирген өлкөлөр, АКШ жана Улуу Британия колдонуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM