Марал Радиосу

Навальныйды колдогон митингдерде 145 адам кармалды

Укук коргоочулар Орусиянын шаарларында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды колдогон уруксатсыз митингдерде 145 адам кармалганын билдиришти.

Митингдер Хабаровск, Владивосток, Петропавловск-Камчатский жана башка шаарларда өттү.

«ОВД-Инфо» билдиргендей:

Владивостокто — 76;

Новокузнецкте — 16;

Иркутскиде — 10;

Хабаровскиде — 8;

Петропавловск-Камчатскийде — 7;

Читада — 5;

Барнаулда — 5;

Улан-Удэде — 3;

Новосибирскте — 3;

Якутскте, Кемерово жана Находка — 2ден;

Южно-Сахалинск, Пермь, Санкт-Петербург, Уфа, Москва жана Благовещенск шаарында бирден адам кармалган.