Марал Радиосу

Акыркы суткада медицина кызматкерлери COVID-19га чалдыккан жок

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Ал эми үй карантининен 2 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4173 учур катталды, алардын ичинен 4090 медкызматкер сакайды.

Ал эми учурда жалпы 1288 адам ооруп жатат. Анын ичинен 586 бейтап стационарда дарыланып жатса, 702 бейтап үй шартында дарыланууда.