31-декабрга карата 76 адамдан COVID-19 илдети аныкталып, Чүй облусунан бир бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Илдет жуктуруп алгандар аймактарда төмөнкүдөй катталды:
Бишкек шаары — 32
Ош шаары — 3
Чүй облусу — 25
Ош облусу — 3
Нарын облусу — 1
Ысык-Көл облусу — 8
Жалал-Абад облусу — 4
Муну менен илдет жугузгандардын жалпы саны 84 529га жетсе, каза тапкандар 1412 адам болду.