Марал Радиосу

Франция коронавируска байланыштуу чек араларын жапты

Франция бүгүн, 31-январдан тартып Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдөн башка мамлекеттердин жарандары үчүн эшигин жапты. Мындай чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынган.

Франциянын премьер-министри Жан Кастекс Францияга кирүүгө жана чыгууга жүйөлүү себептерсиз тыюу салынарын билдирди. Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдөн Францияга кирүү үчүн ПЧР-тест талап кылынат.

Францияда коменданттык саат уланат. Азык-түлүк дүкөндөрүнөн, дарыканалардан башка жайлардын баары жабылат.

Кастекс жакынкы күндөрү кошумча чечкиндүү чаралар көрүлөрүн эскертти.