Бүгүн, 31-январда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 5-10 метрге жетет.
Талас облусунда: түнкүсүн -3… -8, күндүз +10… +16;
Чүй облусунда: түнкүсүн -3… -8, күндүз +10… +16;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн -5… +3, күндүз +11… +16;
Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн -5… -10, күндүз +1… +6;
Нарын облусунда: түнкүсүн -17…-22, күндүз -2… -7;
Бийик тоолуу аймактарда: күндүз -6…-11 градус болуп, түнкүсүн -29 градуска чейин төмөндөйт.
Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-4 градус суук, күндүз +13… +15 градус жылуу болот.