Марал Радиосу

2020-жылы өнөр жай өндүрүмүнүн кирешеси 317 млрд сомдон ашкан

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2020-жылы өнөр жай өндүрүмүнүн кирешеси 317 миллиард 13 миллион сомду түздү.

Бул тармактын 2019-жылдагы көрсөткүчү 273,5 млрд сомду түзгөн.

Аймактарды камсыздаган ички товардын басымдуу бөлүгү өндүрүш тармагына туура келет, тактап айтканда, бул тармактан 262,1 миллиард сом (2019-жылы 219,6 миллиард сом) түшкөн.

Электр жана газ менен камсыздоо тармагынан 29,5 миллиард сом, тоо-кен тармагынан 22,4 миллиард сом киреше кирген.