Марал Радиосу

Өкмөт башчылыкка эки талапкердин аты аталууда

Премьер-министрлик кызматка Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун талапкерлиги сунушталып жатканы социалдык тармактарда айтылууда.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев азыркы Башмыйзам боюнча Премьер-министр парламент аркылуу дайындалышы керектигин, бул боюнча дүйшөмбү күнү көпчүлүк коалиция талапкерлерди көрсөтө турганын билдирди. Анын пикиринде, бул кызматка Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков көрсөтүлүшү мүмкүн.