Эртең, 31-январда Stipendium Hungaricum стипендиялык программасына student.edu.gov.kg кыргыз онлайн платформасында арыздарды жана документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктайт. Билим берүү жана илим министрлиги стипендиялык программанын быйылкы катышуучуларына эскерткендей, арыздарды кабыл алуучу тутум 1-февралда жабылып, документтерди каттоо жана берүү мүмкүн болбой калат.
Ошондой эле, документтердин толук эмес тизмесин камтыган арыздар автоматтык түрдө каралбай тургандыгын эскертет.
Белгилей кетсек, быйыл кыргызстандык студенттер үчүн Венгрия өкмөтү жогорку окуу жайларынан 150 стипендиялык орун берген.