Марал Радиосу

Путин жана Навальный: Орусиянын келечеги кандай болот?

Орусиялык оппозициячыл Алексей Навальный 17-январда Германиядан Москвага келгенде «Шереметьево» аэропортунан кармалганы бир нече миң адамдын нааразычылыгын жараткан. 23-январда Орусиянын бир нече шаарында Навальныйды абактан бошотууну талап кылган акциялар өттү. Орусиядагы башаламандыктар жана саясаттын жүрүшү туурасында эксперт Эсен Өмүракунов менен маектештик.

— Эсен мырза, айтсаңыз, Орусиядагы нааразычылыктарды массалык түрдө өттү деп айтышууда. Мунун аягы эмне менен бүтүшү мүмкүн?

— Ооба, 23-январдагы Орусияда өткөн нааразылык акциялары мурункуларга салыштырмалуу массалык түрдө өттү десек болот. Анткени буга чейин мисалы, Хабаровскиде мэрди жактап, Шиес шаарында экологияга, таштандыларга тиешелүү, башка жактарда тоого тиешелүү локалдык нааразылык акциялар болгон болсо, 23-январда массалык түрдө көп шаарларда өттү. Бул митингге бир гана жаштар эмес, улуулар, кичүүлөр, аялы да, эркеги да, түрдүү илим-билими барлар да, түрдүү материалдык абалдагылар да чыккан. Алардын 42%ы – жаңы жүздөр. Салыштырып айтканда, 2019-жылы Москва шаарынын шаардык кеңештин шайлоосунан кийинки нааразычылыктарда 17% жаңы жүздөр чыккан, калгандары мурун чыгып жүргөндөр болгон. Социологиялык илим боюнча бул – өтө чоң жаңылануу. Эми «31-январда да чыгабыз» деп жатышат, ал кандай уланат, байкап туруу керек. «Аягы эмне менен бүтүшү мүмкүн?» деген суроого ошондон кийин гана жооп берсек болот.

Ошол эле учурда Хабаровскиде, Беларусияда нааразылыктар дагы деле уланууда. Бирок кандай уланат, кандай кесепеттерге алып барат, аны да байкоо керек. Айтайын дегеним, Беларусияда болгон нааразылык орус бийлигине да таасир этип, алар кандайдыр бир жумшартууларга барып жатат. Башаламандыкта адамдар көп кармалганы менен полиция кызматкерлери катуу мамиле жасаган жок. Жабыркагандар өтө аз, мурункуларында көп болгон. Камалгандар да бат эле чыгып кетип жатышат, айып пулдун өлчөмү да мурункуларга салыштырмалуу аз болууда. Эң негизгиси, быйыл Орусияда Мамлекеттик Думага шайлоо болот, ал да сөзсүз нааразылык менен коштолот. Себеби Орусиянын азыркы парламенти оппозиционерлердин ишмердигин өтө көп чектеген мыйзамдарды кабыл алды. Демек көп адамдар, ошол эле Навальный да шайлоого катыша албайт. Бирок Навальный кимге добуш берүү керектигин, ким утуп чыга аларын автоматтык түрдө эсептей турган «акылдуу эсептегич» деген сайт ачкан. Орусиянын аймагында өткөн шайлоолордо Навальныйдын сайтын кадимкидей колдонуп, бийликтен алыс саясатчылар, партиялар шайланган. Ошондуктан мындан кийин да бул иштер токтобойт. Азыр Орус бийлигинин башын аябай ооруткан абал түзүлүп калды.

— Навальный орусиялыктардын баарын өзүнө бириктире алабы? Анын лидерлик сапатын кандай баалайсыз?

— Бул жерде биринчиден, адамдын таанылуусу маанилүү. Адамдар: «Ким лидер? Ал кандай адам? Эмне максаттарды көздөйт?» — деген сыяктуу суроолорду беришет. Ошондуктан Навальныйды эң көп «раскрутка» кылган да орус бийлиги өзү болду. Буга чейин Путин да, анын кол алдындагылары да Навальныйдын фамилиясын айтышпайт эле. Бирок жакынкы арада анын ууландырылганы, андан кийин тергөөдөн баш тартканы көбүрөөк таанылуусуна себеп болду. Ошол уулануусун Навальный журналисттер менен бирге далилдеп, бетин ачканы да элдин кызыгуусун жаратты. Тилекке каршы, кимдер уулантканын фамилияларынан бери айтып чыкса да, Орус бийлиги муну четке кагып жатат. Бирок ошонун аркасы менен Навальныйдын Орусияда да, айрыкча чет өлкөлөрдө да аброю көтөрүлгөн. Эми муну бир гана орусиялыктар эмес, чет өлкөдө да Путинге кандайдыр бир атаандаш катары карай башташты. Лидерлик сапаты канчалык деңгээлде болсо да, таанылуусу өтө күчтүү болду. Ошонун аркасы менен Ютубдагы Путин жөнүндө видеосу 100 миллионго чейин көрүлүп, бир теманын аркасы менен Орусиянын 130 шаары нааразылык акцияларына чыкты.

Учурдан пайдаланып кошумчалай кетсек, Орусиядагы нааразылыкка жогоруда айткан видео да себеп болушу мүмкүн. Эмнеге дегенде ал жердеги адамдарды эң нааразы кылган эң эле жөнөкөй нерсе — баасы 700 евро турган даараткана тазалаган щётка болгон. Анткени Орусияда орточо айлык акы 47 миң рубль, а щётка кымындай буюм экенине карабай, куну карапайым жарандардын айлыгынан да ашып кетип жатат.

— Орус саясатында Путин бийликтен кетсе же бир башка жагдай болсо, Навальныйдан башка да кайсы саясатчылар бар?

— 2008-жылы Конституциялык референдумдан кийин Путин 2024-жылга чейин президент болмок. Бирок былтыр Конституция боюнча кайра референдум өтүп, Путин 2036-жылга чейин шайланды. Бирок азыркы саясатты карасак, ага кандай мыйзамдар киргизилип жатканын анализ кылсак, Орусияда Казакстандын сценарийи пайда болушу мүмкүн. Тагыраагы, Путин президент да, премьер-министр да болбой, чегинип, коопсуздук кеңеши сыяктуу органдын башына келип, баягы эле «эки тизгин, бир чылбырды» кандайдыр бир деңгээлде кармап калып, ордуна башка жаңы жүз келиши мүмкүн. Көп саясатчылар: «2000-жылы Ельцин Путинди Орус элине белек кылып кеткен сыяктуу, Путин да ошондой белек кылып кетсе жакшы болмок, туруктуулук сакталып калмак», — деп айтышат. «Казакстанда Назарбаевден кийин Токаев келбедиби, анын сыңары Путинден кийин бир адам келсе, ал ким болбосун, эл колдоп бермек», – деп да саясат таануучулар, социологдор белгилешүүдө. Албетте эми андай болбой, кайра эле өзү калганга аракет кылса, Навальныйдай жаш саясатчылардын чырагына май таамп, алардын да рейтинги көтөрүлүп, Путинге каршы күрөшүүгө, бийлик үчүн күрөшүүгө жол ачылат.

— Айрым эксперттер: «Путин бийликтен кетсе, федерация чачырап кетет», — деген да божомолдорду айтууда. Бул канчалык реалдуулукка жакын?

— Федерациянын чачырап кетишине элдин каалоосу, элитанын каалоосу, тышкы күчтөрдүн каалоосу жана аракеттери болушу керек, а бирок андай нерселер көрүнбөйт. Мисалы, тышкы күчтөргө келсек, азыр ошол эле Батыш сырттан келген мигранттардан, көчүп келген качкындардан чарчап, өзүлөрүнүн саясаты олку-солку болуп, айласы кетип турган чагы. Мындан улам Орусиянын бөлүнүп кетүүсүн Батыш каалабайт. Кытай десек, алардын да Орусиянын тарап кетишине кызыкчылыгы болушу мүмкүн эмес. Элитасына келсек, алар – армиялык элита. Негизи армия Путиндин убагында аябай күчтөндү. Азыркы кезде куралдуу күчтөрү сапаттуу жана куралдары да заманбап. Орусия атом бомбасы бар дөөлөт болгондуктан, сырттан кол салуу мүмкүн эмес. Ошондуктан Орусия чачырап кетет дегенге негиз жок.