Марал Радиосу

Канн кинофестивалы июль айына жылдырылды

Канн кинофестивалы май айынан июль айына жылдырылды. Бул тууралуу уюштуруу тобу маалымдады.

Стандарттык графикке ылайык, ал 11-майдан 22-майга чейин өтүшү керек эле, бирок жаңы графиктин негизинде 6-17-июлга белгиленди. Уюштуруучулар фестиваль онлайн байланыш аркылуу эмес, салт болуп калган кадимки тартип менен өтөрүнө үмүт артып турганын айтышты.

Белгилей кетсек, 2020-жылы дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясынан улам Канн кинофестивалы уюштурулбай калган.

Канн кинофестивалы дүйнөлүк кино тармагындагы эң улуу жана эң кадыр-барктуу фестиваль болуп саналат. Ал алгач 1938-жылы демилгеленип, 1939-жылы өткөрүү пландалган. Тилекке каршы, экинчи дүйнөлүк согуштун кесепетинен бул саамалык 1946-жылы гана ишке ашкан.