Биз менен байланышыңыз

Казакстанда 1-февралдан тарта жапырт эмдөө башталат

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Янв 2021 | 652 | 0

Казакстанда 1-февралдан тарта калкты коронавируска каршы эмдөө башталат. Жыл соңуна чейин 6 миллион адамды дарылоо мерчемделген.

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Шоранов билдиргендей, эмдөөнүн биринчи баскычында Орусиянын «Спутник-V» вакцинасы колдонулат.

Эмдөө жараяны баскыч-баскыч менен аткарылат. Февралдан тарта алгач кооптуу зоналарда иштеген медкызматкерлер эмделет. Жалпы жыл соңуна чейин 6 млн адамды эмдөө мерчемделген. Булардын катарында 18 жаштан кичүү өспүрүмдөр жок.

Казакстандын бийлиги азырынча Батыш өлкөлөрүндө өндүрүлгөн «AstraZeneca», «Pfizer-BioNTech», «Moderna» вакциналарын сатып алуу планы жөнүндө маалымат бере элек. Бул вакциналар сыноонун бардык баскычтарынан өтүп, жогорку деңгээлдеги натыйжалуулугун көрсөткөн. Бүгүнкү күндө аларды Европа Биримдигине кирген өлкөлөр, АКШ жана Улуу Британия колдонуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM