Марал Радиосу

Бир суткада Бишкекте коронавирустан үч бейтап каза болду

Бүгүн, 28-январга карата Бишкек шаарында коронавирустан үч бейтап каза болду. Вирустун жалпы өлүм учурлары 1408ге жетти.

Акыркы суткада 128 адам коронавирус менен катталды. Март айынан бери вирус жуктуруп алгандардын саны 84 миң 303тү түзүүдө.

Акыркы сутка ичинде  COVID-19 илдетинен 151 бейтап сакайды, илдеттен жеңгендердин жалпы саны 80 миң 481ге жетти.

28-январга карата 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды, 3 кызматкер айыкты. COVID-19 вирусу жалпы 4170 медкызматкерге жуккан, анын 4083ү сакайды.