Орусиянын «Аэрофлот» авиакомпаниясы коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу эл аралык каттамдарынын графигин өзгөрттү.
Авиакомпаниянын сайтындагы маалыматка таянсак, быйыл 28-марттан 30-апрелге чейин Москва шаары менен дүйнөнүн 84 шаарына, анын ичинен Бишкек жана Ош шаарларына болгон аба каттамдарын токтотот.
Авиакомпаниянын веб-сайтынан же байланыш борборунан алдын ала билет сатып алган жүргүнчүлөргө акчасы дароо кайтарылып берилет. Мындай жүргүнчүлөр «Аэрофлоттун» сатуу кеңселеринин же агенттиктеринин мурда билет сатып алган бөлүмдөрүнө кайрылат.