Марал Радиосу

Петер Буриан Жапаровдун инаугурациясына катышат

Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан Бишкекке келди. Биримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, ал бүгүн, 28-январда жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына катышат.

Петер Буриан андан тышкары Садыр Жапаров, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Равшан Сабиров, Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Тараптар Кыргызстан жана Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтык маселелеринин кеңири тармактарын талкуулашат.

Ошондой эле 2021-жылдын аягында Бишкекте пландаштырылган Европа Биримдиги-Борбор Азия өнөктөштүгүнүн экономикалык форумун уюштуруу маселелери талкууланат.

28-январда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун кызматка киришүү аземи болот.