Биз менен байланышыңыз

Абдил Сегизбаев эки айга камакка алынды

Кыска кабар | 27 Янв 2021 | 825 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев эки айга камакка алынды. Мындай чечим бүгүн, 27-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды.

Сегизбаев УКМКнын тергөө абагында 25-мартка чейин болот. Ал Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айыпталууда.

26-январда Сегизбаев 2016-жылы болгон «Белизгейт» окуясы боюнча кармалган. Башкы прокуратура ушул жылдын 14-январында экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов жана башка адамдардын кайрылуусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

Анда Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаттары Алмамбет Шыкмаматовго, Аида Саляновага жана Өмүрбек Текебаевге карата «Белизгейт» окуясы уюштурулуп, мыйзамсыз каралоо, атайылап жалаа жабуу иштери болгон деген жүйө келтирилген.

Буга байланыштуу Абдил Сегизбаев УКМКны жетектеп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз аракеттерге барган деген шек менен суракка чакыртылган.

Сотко чейинки иликтөө иштеринин жүрүшүндө УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте аталган иштер УКМКнын мурдагы төрагасынын түз көрсөтмөсү менен жасалган деп тапкан.

«Белизгейт»: Өзүнө каршы иштеген саясий аракет

Copyright © 2017 Maral FM