Биз менен байланышыңыз

«Кызыл-Бел» бекетинин бажы кызматкери пара менен кармалды

Кыска кабар | 27 Янв 2021 | 660 | 0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Баткен облусундагы «Кызыл-Бел» көзөмөл-өткөрмө бекетинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу Финансы полициясынан кабарлашты.

Мекемеге жеке ишкер «Кызыл-Бел» бекетинин бажы кызматкерлерине карата чара көрүү боюнча арыз менен кайрылган. Арызда бажычылар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бажы көзөмөлүнөн тоскоолдуксуз өтүп жаткандыгы үчүн системалуу түрдө акча талап кылганы айтылат.

Бул факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 326-беренеси («Пара талап кылуу») менен катталган.

26-январда Кызыл-Кыя шаарында пара алып жаткан жеринен «Кызыл-Бел» бекетинин нөөмөт башчысы М.Т. кармалган. Анын унаасын тинтүү учурунда 100 миң сомдой (чет элдик валюта да болгон) акча каражаты табылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM