Марал Радиосу

«Мугалим» тасмасы «Анкара» кинофестивалында баш байгени жеңди

«Анкара» эл аралык кинофестивалында кыргызстандык режиссёр Ибадылла Ажибаевдин «Мугалим» даректүү тасмасы баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

27-январда Чынгыз Айтматов атындагы кино үйүндө сыйлоо аземи болуп, режиссерго баш байгени Түрк тилдүү мамлекеттер Кеңешинин Башкы катчысынын орун басары, КР эл жазуучусу Султан Раев тапшырды.

Иш-чарада акыркы 2 айда эл аралык деңгээлдеги кинофестивалдарга Кыргызстандын атынан катышкан лауреаттар да келип, кыргыз киносунун учурдагы маселелери талкууланды.

Акыркы эки айда улуттук кино өндүрүшү төмөнкүдөй ийгиликтерге жетишкен:

Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу режиссерлук кылган «Акыркы көч» толук метраждуу көркөм тасмасы Даккадагы Эл аралык кинофестивалда «Мыкты тасма» номинациясын жеңип алган.

«Шамбала» толук метраждуу көркөм тасмасынын режиссеру, КР эл артисти Артык Сүйүндүков Калькутта шаарында өткөн XXVI Эл аралык кинофестивалда «Эн мыкты режиссура» сыйлыгына ээ болгон.

Илгиз Шернияз тарткан «Мурас» даректүү тасмасы Америкада өткөрүлгөн «The Hollywood Awards» кинофестивалында «Эң мыкты даректүү тасма» сыйлыгына татыган.