Биз менен байланышыңыз

АКШнын жаңы мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен болду

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Янв 2021 | 687 | 0

АКШ сенаты президент Жо Байден тарабынан мамлекеттик катчылыкка сунушталган талапкерди колдоп добуш берди. АКШнын мамлекеттик катчысы 58 жаштагы Энтони Блинкен болду.

Анын талапкерлигин сенаттын 78 мүчөсү колдосо, 22си каршы добуш берди.

Блинкен АКШ президенттинин аппаратындагылар сыяктуу эле Байден менен көп жылдан бери иштешип келет. Ал Барак Обаманын президенттик мезгилинде мамлекеттик департаменттеги маанилүү экинчи киши болгон. Ал кезде Байден вице-президент болуп турган.

Белгилей кетсек, Байдендин командасы АКШ тарыхындагы эң көп улуттан турган команда. Ал дайындаган ар бир экинчи мамлекеттик кызматкер афроамерикалык экени айтылууда. Мисалы Пентагондун тарыхында да биринчи жолу афроамерикалык жетекчи болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM