Марал Радиосу

АКШ: Жо Байдендин жубайы мугалим бойдон калат

NEW YORK, NY - SEPTEMBER 06: Jill Biden discusses "Walk of America" as she visits "America's Newsroom" at Fox News Channel Studios on September 6, 2018 in New York City. (Photo by Roy Rochlin/Getty Images)

АКШнын 46-президенти Жо Байдендин жубайы Жилл Байден мугалимдик кесибин уланта берет. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары билдирди.

Жилл Байден 8 жылдан бери Түндүк Виржиниядагы коомдук окуу жайда англис тилинен сабак берип келген. Биринчи айым катары ал сөзүндө, мектеп мугалимдерине жана ЖОЖдун окутуучуларына пандемия учурунда жасаган каармандык иштери үчүн ыраазычылыгын билдирди.

«Мен эч качан өз кесибим менен сыймыктанган эмес элем. Бул пандемияда тарбиячылар өз окуучуларына жана студенттерине эрдик менен мамиле жасашты. Жалпы элдин атынан сиздерге терең ыраазычылыгымды билдирем.Сиздер ушунчалык күчтүүсүздөр», — деди.

Жилл Трейси Джейкобс 1951-жылы Нью-Жерсиде туулган. 1987-жылы Пенсильвания штатындагы Вилланов университетин аяктаган. Окууну аяктагандан ушул күнгө чейин мугалимдик кесипти аркалап, англис тилинен сабак берип келет. Жо Байден менен 1975-жылы таанышып, 1977-жылы баш кошушкан.