Марал Радиосу

Латвия Кыргызстанга 2021-2022-окуу жылына карата стипендия бөлдү

Латвия менен Кыргызстандын өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн билим берүү жана илим жаатындагы кызматташуу боюнча эки тараптуу келишимге ылайык, Латвия Кыргызстанга 2021-2022-окуу жылына карата стипендия бөлдү.

Кыргызстандын жарандары Латвиянын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн аталган өлкөнүн мамлекеттик стипендиялык программасына катышса болот.

Анда:

Окутуу латыш жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.

Документтерди жана талапкерлерди кабыл алууну Латвия тарап онлайн система аркылуу жүргүзөт.

Документтер 2021-жылдын 1-февралынан баштап 1-апрелге чейин кабыл алынат.

Стипендиялык программанын шарттары, талаптары жана башка жагдайлары боюнча кеңири маалыматты бул шилтемеден алсаңыз болот: www.viaa.gov.lv/scholarships.