Марал Радиосу

Абылгазиев менен Асанов камакка алынды

Мурунку өкмөт башчы Мухаметкалый Абылгазиев жана генерал Курсан Асанов камакка алынды. Бул тууралуу жеке булактар маалымдады.

Маалыматка ылайык, Абылгазиев УКМК тарабынан кармалган. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Абылгазиев «мыйзамсыз баюу» фактысы боюнча кармалганы айтылууда.

Генерал Курсан Асанов болсо Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө кызматы тарабынан камакка алынган. Асановго Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имаратты жана мекемени басып алуу») боюнча кылмыш иши козголгон.